Бүгүн, 9-майда “Аккула” ат майданында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдештин жыйынтыктоочу күнү өтүп жатат. Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев SUPER.KG порталына кабарлагандай, 3-орун үчүн болгон оюнда Бишкектин “ГУВД” командасы Чүй облусунун “Суусамыр” командасы менен беттешти. Жыйынтыганда “суусамырлыктар” 5:0 эсебинде утуп, 3-орунду ээлешти.
Кошумчалай кетсек, 3-орун үчүн каралган акчалай сыйлыктын суммасы 75 000 сомду түзөт. Ал эми финалда “Бөрүлү” жана “Талас” командалары кез келет. 1-орун ээлери 250 000 сом менен сыйланса, 2-орун ээлери 125 000 сомго ээ болмокчу.