Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөн мелдеште 3 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды (фоторепортаж)

Бүгүн, 9-майда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата өткөн кыргыз күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталып, 3 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды.

Күндүн башкы жаңылыгы акыркы кездерде жеңишти эч кимге бербей келе жаткан балбан, “Казань-2013” Универсиадасынын чемпиону Нурбек Кожобековдун орто салмакта финалда жеңилгени болду.  

Жеңил салмак категориясында (55 килограммдан 75 килограммга чейинки салмактагы балбандар)

1-орун. Аллакулов Жаныбек

2-орун. Кудайбердиев Эсенбек

3-орун. Мурзабеков Элдос

4-орун. Туратов Жылдызбек

Орто салмакта (76 килограмм салмактан 90 килограммга чейинкилер)

1-орун. Тойчиев Нургазы

2-орун. Кожобеков Нурбек

3-орун. Разыков Адылбек

4-орун. Садыков Орозали

Оор салмакта (91 килограммдан жогорку салмакта)

1-орун. Кудайбердиев Эмил

2-орун. Халматов Асылбек

3-орун. Жоробеков Эмил

4-орун. Масаидов Шерали

Жеңиш ээлери 100 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Мелдешти КРнын Улуттук классикалык күрөш федерациясы Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштуруп жатат. Демөөрчүлүктү Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтү колго алган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jora.kg
2014-05-09 20:07:49
Курош жакшы отуптур
0
Danel
2014-05-09 23:04:08
Даа жакшы отуптур бирок Москвада болдбогону чатак болдуда,
0
egemberdi
2014-05-10 15:44:58
Barakelde Asyke
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан