Бүгүн, 9-майда Бишкектеги “Аккула” ат майданында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталып, “Талас” командасы чемпион аталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.
Анын айтымында, финалдык беттеш “Талас” жана “Бөрүлү” командалары кез келген. Жыйынтыгында 4:1 эсебинде “Талас” командасы жеңип чыгып, баш байгеге коюлган 250 000 сом менен сыйланды. Ал эми 2-орунду ээлеген “Бөрүлү” командасы 125 000 сом менен сыйланды. Кошумчалай кетсек, мелдеште 3-орунду “Суусамыр” командасы жеңип алган.