Бүгүн, 10-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бодибилдинг, фитнес жана фитнес-бикини боюнча Кыргызстандын Ачык биринчилиги өтүп, чемпиондор аныкталды.
4 саатка созулган мелдешке жалпысынан жүзгө жакын спортчу катышып, түрдүү категориялар боюнча чемпиондукка ат салышты.
Бодибилдинг боюнча чемпиондордун тизмеси:
Жаштар арасында. 75 килограммга чейинки салмакта (15 катышуучу)
1-орун. Хан Мухаммед Билал
Жаштар арасында. 75 килограммдан жогорку салмакта (4 катышуучу)
1-орун. Айбек уулу Калдыбек
Чоңдор арасында. 75 килограммга чейинки салмакта (5 катышуучу)
1-орун. Шербек Токтомушев
Чоңдор арасында. 75 килограммдан жогорку салмакта (6 катышуучу)
1-орун. Иннокентий Константинов
Классикалык бодибилдинг (5 катышуучу)
1-орун. Хан Мухаммед Билал
Абсолюттук чемпион (4 салмакта чемпион болгондор арасындагы тиреш)
1-орун. Иннокентий Константинов