Кыргызстанда төрөлүп, кийин чыгаан бодибилдер болгон Денис Вольф “Арнольд Классик” мелдешин утуп алды

Кыргызстанда төрөлүп, кийин Германияга көчүп кеткен Денис Вольф 2014-жылы уюшулган “Арнольд Классик” мелдешин утуп алды. Бул тууралуу КРнын Бодибилдинг федерациясынын жана IFTB эрежеси боюнча фитнес федерациясынын президенти Тимур Жанабулов 10-майда бодибилдинг боюнча өткөн мелдеш алкагында билдирди.  

“Денис Вольф Токмок шаарында төрөлүп, 10 жашына чейин Кыргызстанда чоңойгон. Кийин Германияга көчүп кетип, бодибилдинг менен алектенип баштаган”,- деди ал. Кыргызстандын бодибилдинг боюнча Ачык биринчилиги маалында Денис тууралуу чакан тасма көрсөтүлдү. Тасманын соңунда ал кыргызстандыктарга салам айтып, жакында келе турганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, “Арнольд Классик” мелдеши классикалык бодибилдинг менен белгилүү болгон Арнольд Шварценеггердин колдоосу астында жыл сайын өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kapo1
2014-05-12 08:30:26
Арнольдко окшош экен,бул булчундарды чыгарыш учун канчалаган мээнет кетсе керек
+2
kama_future_millioner
2014-05-12 08:45:09
Жердеш экенбизда анда
0
barsa1984
2014-05-12 08:45:24
Кыйындардын көбү Кыргызстанда төрөлүп өсүшкөн, Кличко сыяктуу....
0
MAPAT.YAKUTSK
2014-05-12 08:53:05
канчаалаган акчалар сарпталган....
0
jazz007
2014-05-12 08:57:50
Анда эле биздики боло калат. Мындай кетишсин оз жерлерине болушот(Кобунчо кырыгздар)!
0
kamyr26
2014-05-12 09:08:20
Даары менен чыккан дене булчундарына соз жок
0
uuljan94
2014-05-12 09:31:50
Арнольдко окшошот экен жана хишнике
0
Bodibilding
2014-05-12 10:13:19
Азаматсын.
0
mandalak
2014-05-12 12:37:27
Эт багытындагы адамдаргооо...
0
uluk_myrza1994
2014-05-12 15:00:31
достор бул спортто биз сыяктуу тамактанышат мисалы жумуртканын белогу эт майлуу эмес жана гуруч творог помидор бадыран жана жангактар ар бир товардын артыны карасаныздар белок кобурак продуктылар булчундун чонойушуна жардам берет, менда бул спорт менен машыгып жатам москвага келгенимде 62 салмакта баштаган элем азыр 87 резултат бар эч кандай даарысы жок эле машыгып жатам,спорттун жаманы жок сиздер да машыксаныздар болот, рахмат конул бурганыныздарга
0
Kara_kyrgyz
2014-05-12 16:16:21
бул спортто 80кг штанг менен 3 подход болсо, бизде айылда 1 кетмен менен 1 гектар жерди бир подход, мына сага спорт тарамышшш болуп журо бересин Брюс Лидей болуп
0
Askarchik91
2014-05-12 18:34:41
Ушулардын жеке жашоосу кандай болоор болду экен дейминда?
Аялы бала чака дегендей,и ваще мага мындай булчуңдардын ХХХ кереги жок.
Тырышып турганын..
А так жердеш экенбиз,куттуктайм.
0
admin_portal
2014-05-13 11:34:42
Askarchik91 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан