Футбол боюнча Украинанын чемпиондугунун жыйынтыкталарына 1 тур калганда Донецк шаарынын клубу “Шахтёр” мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздады. Бул тууралуу кечээ, 11-майда украиналык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Шахтёр” 29-тур оюндарынын алкагында “Заря” клубун 3:1 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш менен “Шахтёр” топтогон упайларынын санын 62ге жеткирди. 30-тур оюндарынын жыйынтыгына карабай Украинада алдынкы үчтүктүн ээлери белгилүү болду. 2-орунду “Днепр” командасы ээлесе, “Металлист” 3-орунду ээледи.
Кошумчалай кетсек, өлкө чемпиондугун бешинчи ирет катары менен утуп алган “Шахтёр” тарыхында 9-ирет мелдеш жадыбалын жетектөө менен сезонду бүтүрүп жатат.