Бишкекте алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу старт алды

Бүгүн, 12-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алыш күрөшүнүн классикалык, эрин жана кыз-келиндер арасындагы түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу старт алды.

Уюштуруучулар SUPER.KG порталына билдиришкендей, мелдешке 10 салмак категориясы боюнча 180 балбан катышууда. Уландар арасында 6 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталса, кыз-келиндер арасында 4 салмакта өлкө чемпиондорунун ысымдары белгилүү болот. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбандар катышып жаткан мелдеш 13-майда жыйынтыкталат. Кармаштардын жыйынтыгында күз айларында өтүүчү Азия оюндарынын жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган курам бекитилет.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан