10-майда Ысык-Көл облусунда III эл аралык марафон болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97,5 метр аралыкка, 10 чакырым аралыкка, 5 чакырым аралыкка болгон жарыштар болду. Сергек жашоо образын жайылтууга багытталган жарыштардын жыйынтыгында төмөнкү спорт сүйүүчүлөрү мара сызыгын алдынкылардан болуп кесип өтүштү:
Уландар арасында 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарыш:
1-орун. Юрий Чечун (мара сызыгын 2 саат 18 мүнөт 48 секундда кесип өттү).
2-орун. Андрей Петров (2 саат 27 мүнөт 26 секунд).
3-орун. Илья Тяпкин (2 саат 44 мүнөт 8 секунд).
Кыз-келиндер арасында 42 чакырым 195 метр аралыкка:
1-орун. Марина Хмелевская (2 саат 58 мүнөт 15 секунд).
2-орун. Толгонай Шаева (4 саат 2 мүнөт 23 секунд).
3-орун. Алина Меремьянина (4 саат 6 мүнөт 8 секунд).
Уландар арасында 21 чакырым 97,5 метр аралыкка:
1-орун. Жоодарбек Көчкөнбаев (1 саат 17 мүнөт 45 секунд).
2-орун. Азамат Нуржанов (1 саат 19 мүнөт 3 секунд).
3-орун. Султан Айдар уулу (1 саат 22 мүнөт 43 секунд).
Кыз-келиндер арасында 21 чакырым аралыкка:
1-орун. Татьяна Новосельцева (1 саат 43 мүнөт 25 секунд).
2-орун. Ирина Миронова (1 саат 58 мүнөт 54 секунд).
3-орун. Юлия Фернас (2 саат 1 мүнөт 11 секунд).
Уландар арасында 10 чакырым аралыкка:
1-орун. Наиль Деникеев (34 мүнөт 53 секунд).
2-орун. Иван Колесников (36 мүнөт 44 секунд).
3-орун. Нурсултан Алымбаев (38 мүнөт 9 секунд).
Кыз-келиндер арасында 10 чакырым аралыкка:
1-орун. Дарья Маслова (37 мүнөт 34 секунд).
2-орун. Кундуз Анарбекова (54 мүнөт).
3-орун. Гүлмира Дороева (55 мүнөт 45 секунд).
Уландар арасында 5 чакырым аралыкка:
1-орун. Александр Спиридонов (16 мүнөт 41 секунд).
2-орун. Василий Мелков (17 мүнөт).
3-орун. Эржан Насырынбеков (18 мүнөт 33 секунд).
Кыз-келиндер арасында 5 чакырым аралыкка:
1-орун. Мария Коробицкая (19 мүнөт 2 секунд).
2-орун. Аида Эркинбек кызы (23 мүнөт 20 секунд).
3-орун. Саадат Жанагулова (25 мүнөт 37 секунд).