Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын 2014-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын отуруму өтүүдө

Бишкекте бүгүн,12-майда Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясында мекеменин 2014-жылдын 1-кварталынын иштеринин жыйынтыгы боюнча мекеменин коллегиясынын отуруму өтүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө январь-март айларында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салык карызын өндүрүү боюнча маселелер каралууда.

Ошондой эле Салык кызматы органдарынын ишмердигинин ички аудитинин жыйынтыктары, МСКда коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча иштердин абалы жана башка маанилүү маселелер каралууда.

Коллегиянын ишине КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппарттын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн жетекчилери, аймактык жана мекемеге караштуу салык органдарынын жетекчилери катышып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан