Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан Калыс-Ордо конушундагы №757 “К” жер тилкесинин батыш тарабында муниципалдык жердин эсебинен мыйзамсыз кеңейтилип, 7,0- 5,0 жана 3,0-8,5 чарчы метр өлчөмүндө курулуп жаткан турак үйдүн пайдубалы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда аталган департаменттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Жеке турак жай куруу департаментинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине “Муниципалдык жерди мыйзамсыз ээлеп алуу” жөнүндө билдирүү жиберишти. Департаменттин жана Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда курулуш иштери токтотулду.