Бүгүн Бишкекте жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

Бүгүн, 13-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жал кичи районундагы №2, 3, 5-көп кабаттуу үйлөрдө, Кудрук, Тоголок Молдо, Н.Исанов, Жибек Жолу, Айни, Островский көчөлөрүндө, "Булочный" кондитердик комбинатында, "Манас" окуу жайында, Дордой-2 конушунда № 34, 1153, 1247, 1165-көмөк чордонунда “Главная” көмөк чордонунан чыккан 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы капиталдык жана профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле саат 13:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында “Кара-Жыгач” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан