Кыргызстанда ажылык сапарга баруучуларды каттоо башталды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында ажылыкка баруучуларды каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, зыяратчылардын тизмесин толуктоо 12-июнга чейин созулат. Каттоо иштери ар бир аймакта жүргүзүлөт.

Эске салсак, быйыл ажыга баруунун баасы 2400 доллар деп бекитилип, Сауд Арабиясы тарабынан Кыргызстанга 3685 ажылык квота бөлүндү.

Эгер Меккеге барам дегендердин саны аймактарга бөлүнгөн квотадан ашып калса, анда бир канча адамдан турган комиссия ажылыкка барууну каалагандар ортосунда чүчү кулак өткөрөт. Ага катышып, быйылкыга илинбей калгандар кийинки жылы алдынкы тизмеге киргизилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан