Нью-Йорк шаарында түрк элдеринин парады болот

17-майда Нью-Йорк шаарында акыркы 20 жылда шаардагы салттуу көрүнүштөрдүн бирине айланган түрк элдеринин парады орун алат. Ага Кыргызстандын да өкүлдөрү мамлекеттик желек алдында катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда "Kyrgyz Club" уюмунан билдиришти.  

“Парадга катышууга АКШда жүргөн бардык кыргызстандыктарды чакырабыз. Нью-Йорк шаарында өлкөбүздү тааныштырып өтүү - чоң сыймык” деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бул парадга 2012-жылдан бери катышып келген Кыргызстандын өкүлдөрүнүн башын "Kyrgyz Club" уюму бириктирип келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан