Ош мамлекеттик университетинде 15-майда кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган Билим майрамы өткөрүлөт. Анда университеттин факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери билим жарманкесин тартуулайт. Ошондой эле бардык адистиктер интерактивдүү шоу-программаларын көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган майрамга бардык аймактардан абитуриенттер, студенттер, мектеп мугалимдери, ага кызыккан бардык жарандар конок катары чакырылган.