“Быйыл жаз мезгили 2-3 аптага кеч келгенине карабастан, биздин дыйкандар өз жумуштарын так аткарып жатышат”,- деп айтты бүгүн, 13-майда маалымат жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев.
Анын айтымында, дыйкандар алдын ала тракторлорду жана айыл чарба техникаларын даярдашкан. “Мурдагы жылга салыштырмалуу айдоо иштери бир аз артта бара жатат”,- деди ал.
Мындан тышкары министр айдоого жалпысынан 1178,4 миң гектар жер берилгенин баса белгиледи. "Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 8,0 гектарга көбүрөөк",- деп кошумчалады Айдаралиев.