Эртең, 14-май күнү Кыргызстанга Арабия өлкөсүнүн Мекке шаарынын Аль-Харам мечитинин имамы шейх Махир бин Хамид келет. Кыргызстан муфтиятынын басма сөз кызматынан Максат Атабаев билдиргендей, аны “Манас” Эл аралык аэропортунан Мамлекеттик дин иштери боюнча комитетинин директору Орозбек Молдалиев жана муфтий Максатбек ажы Токтомушев тосуп алат.
Ал эми Шейх Махир бин Хамид 14-15-16-май күндөрү жасаган иш сапарынын алкагында бир катар тиешелүү адамдар менен жолугушат.