Бүгүн, 13-майдагы маалымат жыйынында КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев “республика боюнча дизелдин 1 литринин орточо баасы 42,1 сомго барабар” деди.
Анын айтымында, аталган министрлик күйүүчү май маселеси боюнча “Нефтетрейдерлер” ассоциациясы менен келишим түзгөн. “2014-жылы жазгы талаа иштерин аткарууга 40,5 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин, 1,8 миң тонна дизель майы жана 0,6 миң тонна автол керек болчу. "Нефтетрейдерлер" дыйкандарды бардык күйүүчү май менен камсыздашууда”,- деди ал.