Бишкекте 18-май күнү кодулоо жана улутчулдукту жок кылуу максатында “Биз ааламданбыз” аталышындагы акция өтөт. Акция Чүй жана Абдрахманов (Совет) көчөлөрүнүн кесилишинде өтмөкчү. Иш-чаранын негизги максаты - Бишкектин жашоочуларын бириктирип жана жаштар арасындагы кодулоо, улутчулдукка каршылык көрсөтүү.
Уюштуруучулар: “Иш-чарага балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана күндөлүк жашоодо коомдо улут же этникалык тиешелүүлүгүнө карай келише албастыкка көп кездешкен этникалык топтордун өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын негизги максаты - жаштар арасындагы социалдык стереотипти жоюп, акциянын катышуучуларына жаңы таанышуу жана мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо”,- деп маалымдашты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда AIESEC Эл аралык жаштар уюмунан билдиришти.