Оштун окуучулары II республикалык олимпиадада 1-орунду багындырышты

Ош шаарынын окуучулары “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” деген аталышта кыргыз тили жана адабияты боюнча II республикалык олимпиадада 1-орунду багындырышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган олимпиадага №16-мектептин окуучусу Нурумбетова Элзат, №18-мектептен Эгемберди уулу Арген, №27-мектептен Абдраим кызы Айзирек, №50-мектептен Бакытбек кызы Айсулуу, №52-мектептин окуучулары Рахманбердиев Бекболсун жана Айдаркулов Эрбакан катышкан.

Олимпиаданын жыйынтыгында 1-орунга жетишкен окуучуларга 12 000 сом, 2-орунду багындырган окуучуларга 8 000 сом жана грамоталар, ал эми мектептерге түстүү принтерлер тапшырылды.

Республикалык олимпиадада ийгиликке жетишип келген окуучулар Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана өздөрү окуган мектеп жетекчилиги тарабынан да баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jypara1415
2014-05-13 14:53:02
Азаматтар ! Менин окуучум да катышкан экен да .
0
meerim8793
2014-05-13 16:41:47
Ош алга! 18-мектеп менин мектебим!
0
Bolunbo
2014-05-13 19:32:21
Сыйлыктын суммасы ото аз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан