Токмокто кикбокс боюнча Руслан Абасовдун жаркын элесине арналган мелдеш болуп өттү

9-11-май аралыгында Токмок шаарында белгилүү кикбоксчу, үстүбүздөгү жылдын 27-мартында унаасын жардыруудан көз жумган Руслан Абасовдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, жаштар арасындагы мелдешке Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынан, Кочкор-Ата, Өзгөн, Сокулук, Ысык-Ата, Кемин райондорунан, Бишкек жана Токмок шаарларынан келген командалар катышышты. Андан тышкары катышуучулардын катарында казакстандык спортчулар да болду. Лоу-кик жана WAKO версиялары боюнча өткөн мелдешке 25 спорт клубунан 250 спортчу катышты. Мелдеш 1997-98-жылдары жана 1999-2000-жылдары төрөлгөн жаш спортчулар арасында өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан