Бүгүн, 13-майда Жалал-Абад шаарында "Кыргызстан балдардын тынчтыгы үчүн”
аттуу фестивалдын жыйынтыгы чыгарылды. Аталган фестиваль
Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Шаардык билим берүү башкармалыгы
жана “Ариет” балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган.
Сынакка
шаар ичиндеги мектептерден 266 таланттуу 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары катышышты. Жыйынтыгында ыр жанры боюнча 1-орунду
№5-мектебинин 7-классынын окуучусу Рыскелди Сатыбалдиев ээледи. Жеңишке ээ
болгон катышуучуларга Ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.
“Ариет” балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси
Жыпара Аманкулова:
“Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты - окуучулардын
бош убактысын максаттуу пайдалануу, улуттар арасында ынтымакты бекемдөө,
достукту чыңдоо, жаш таланттарды элге таанытуу, аларга колдоо көрсөтүү”,- деди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.