Жыл башынан бери Ош шаарында 4310 метр жол жарыктандырылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда "Ошшаарсвет" муниципалдык ишкансынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-апрелге чейин 1 миллиондон ашык сомдук жумуш аткарылып, 108 даана жаңы түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулган. Ошону менен бирге Амир-Темир көчөсүнө жаңы жарыктандыруу системи тартылган. Мамажан жана Токтогул көчөлөрүнүн жарыктандаруу системдери реконструкцияланган.
Ошондой эле "Кыргызстан" кинотеатрынын айланасы, Ш.Руставели жана Р.Абдыкадыров көчөлөрүнө жаңыдан жарыктандыруу системдери тартылган.