Жалал-Абадда тамактануучу жайларды текшерүү учурунда  6 ашканага акт түзүлдү

Жалал-Абад шаарында жайгашкан кафе-ресторандардын иштөө абалын, каттоо режимин текшерүү максатында атайын комиссия тобу түзүлүп, текшерүү учурунда 6 ашканага акт түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 161 тамактануу жайы иштейт. Алардын 30у кафе-ресторандар. Текшерүүгө алынган кафе-ресторандардын айрымдарынын кызматкерлеринин санитардык китепчеси жок же болбосо каттоодон өтүшкөн эместиги аныкталды.

“Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан рейддин негизги максаты - шаар ичиндеги кафе-ресторандарды тартипке келтирүү, тамак-аштардын тазалыгын карап, элдин коопсуздугун сактоо”,- деди комиссиянын мүчөсү С.Умаров.

Аталган иш-чара шаардык мэриянын буйругунун негизинде шаарда коомдук коопсуздукту сактоо максатында өтүүдө. Атайын түзүлгөн комиссиянын курамында Жалал-Абад шаарынын 1-вице мэри Т.Чойбеков, мэриянын тийиштүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, салык кызматкерлери, санитардык кызматкерлер, участкалык милиция кызматкерлери болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursyi
2014-05-13 20:01:53
. Уулануу чыкканда эле эмес, дайыма текшерилиш к-к да,тамактануучу жайлар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан