30-апрелден 10-майга чейин Вьетнамда футзал боюнча Азия чемпиондугу орун алып, ага Азия континентинен 16 курама команда катышты. 13-ирет өтүп жаткан мелдеште Япония курама командасы финалда Иранды утуу менен чемпион аталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Япония менен Ирандын ортосундагы финалдык беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды (3:0). Оюндун башкы каарманы болуп япониялыктардын дарбазачысы Юши Секигучи табылды. Ал 3 ирет атаандаштарынын 11 метрлик айып соккусун тосууга үлгүрдү. Беттеште башкы калыстын милдетин кыргызстандык Нурдин Букуев аркалады. Ал эми байгелүү 3-орун үчүн Өзбекстан курама командасы Кувейт менен кез келип, 2:1 эсебинде утуп алды.
Футзал (кичи футбол) боюнча Азия чемпиондугу 1999-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Мелдештин тарыхында Иран менен Япония курама командалары гана чемпион аталып келишет. Япония 3 ирет чемпион аталса, Ирандын наамында 10 чемпиондук жазылган.
Кошумчалай кетсек, мелдешке катышкан 16 команданын ичинде Кыргызстан курама командасы да болгон. Өз тайпасында Японияга утуп, Өзбекстан менен тең ойногон кыргызстандыктар тайпадан чыга албай, мелдештен четтеп калышкан.