Кыргызстандык гимнасттар Италиянын Милан шаарында өткөн турнирде эки алтын медаль тагынып кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Кыргызстандын көркөм гимнастика федерациясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, турнирде чоңдор категориясында Салтанат Киязова, юниорлор категориясында Ажар Махметова ийгиликке жетишкен. Алар Аделина Шаяхметованын көзөмөлүндө машыгып келишет.
Белгилей кетсек, бул турнирде 7 өлкөнүн: Орусия, Италия, Эстония, Азербайжан, Германия, Венгрия жана Кыргызстандын гимнасттары ат салышкан.