Кулатуу улуттук күрөшү боюнча Бишкек шаарынын Ачык биринчилиги өткөрүлөт

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети кулатуу улуттук күрөшү боюнча Бишкек шаарынын Ачык биринчилигин өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, иш-чара 2014-жылдын 17-18-майында саат 9:00дө спорттун улуттук түрлөрү боюнча мектебинде өткөрүлмөкчү.

Мелдештерге республиканын бардык облустарынан 16 жаштан 18 жашка чейинки балбандар катышат.

16-майда спортчуларды каттоо, таразага тартуу жана салмактык категорияга бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Мелдештер жеке жана командалык эсепте өткөрүлөт. Спорттук мелдештер спорттун аталган түрүн жана жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо максатында өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан