Кыргызстан боюнча жумушсуз адамдардын жалпы саны 210,4 миңге барабар. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, кызмат кылуу кызматтарынын эсебинде 94,7 миң жумушсуз турат. Алардын ичинен 59 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ. Расмий жумушсуздардын ичинен жумушсуз жарандардын үлүшү 41,1 пайызды түзөт.
2014-жылдын үч айынын ичинде иш менен камсыз кылуу кызматына 9921 бош орун түшкөн. Республика боюнча 1 бош орунга 14 талапкер туура келет.