2016-жылы өтө турган Жайкы Олимпиада оюндары Рио-де-Жанейродо эмес, кайрадан Лондондо өтүшү мүмкүн. Мындай маалыматты бүгүн, 13-майда англиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) өкүлдөрү Рио-де-Жанейродо Олимпиадага көрүлүп жаткан даярдыктарды сындап, Лондон менен жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Алар шаардын 2 жылдан кийин Олимпиаданы кабыл алууга болгон мүмкүнчүлүгүнө кызыгышкан. 2012-жылкы Олимпиада оюндарын кабыл алган Лондон шаары жакынкы 2 жыл ичинде спорттук объектилерди кайрадан оңдоп-түзөп, 2016-жылкы Олимпиаданы кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.
Белгиленгендей, Рио-де-Жанейро ушул жүрүш менен кете турган болсо, Олимпиаданын ачылышына чейин шаарды оюндарга даярдай албайт. Андыктан Олимпиаданы башка шаарда өткөрүү менен кыйындап бараткан кырдаалды жөндөп кетүү мүмкүн.
Салыштырмалуу түрдө “Афины-2004” Олимпиадасына 2 жыл калганда Грецияда даярдык 40 пайызга бүткөрүлсө, 2010-жылы 2012-жылкы Олимпиаданы өткөргөн Лондондо даярдык 60 пайызга бүткөрүлгөн. Учурда Рио-де-Жанейро Олимпиада оюндарына 10 пайыз гана даяр.