Бишкекте бүгүн, 14-майда “акылдуу” эсептегичтерди орнотууга
байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк
электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ак-Өргөө конушунда (Арабаев, Курманжан датка, Алты-Бакан көчөлөрүндө), Алтын-Ордо конушунда (№1), Дордой конушунда, Ала-Тоо (Кара-Булак, Кызгалдак көчөлөрүндө),
Келечек (№2, 3, 5), Ак-Тилек конушунда (Ак-Шоокум, Кырк-Чоро, Дзержинский көчөлөрүндө), Учкун-2 конушундагы Чоң Чүй каналынын жээгинде “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу улантылат.