Кыргызстандын Куткаруу кызматы АКШнын Улуттук гвардиясы менен биргеликте тактикалык машыгуу өткөрөт

Кыргызстандын Куткаруу жана күч кызматы АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен биргеликте 16-май күнү тактикалык атайын машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тактикалык окуу ӨКМнын Сактоочуларды даярдоо мамлекеттик борборунун машыгуу майданында өтөт. Учурда иш-чарага даярдык иштери кызуу жүрүүдө.

Машыгуунун негизги темасы “КРнын жана Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын күч ведомстволорунун өз ара аракетинин чегинде издөө-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди өткөрүү жана уюштуруу” болуп саналат.

Жалпысынан тактикалык машыгууга ӨКМнын сактоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, Монтана штатынын Улуттук гвардиясы, Кыргызстандын Коргоо министрлиги, ИИМдин ички аскерлери, КРнын Улуттук гвардиясы жана Мамлекеттик чек ара кызматы катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Juliana
2014-05-14 04:39:52
Mne kajetsya Amerika gotovit mnogih stran protiv Rossii, posle voyny v Krymu.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан