Ош шаардык кеңешинин депутаттары 13-майда «Боорукердик» үй-интернатына барышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык мэрияга тиешелүү үй-интернатынын абалы менен жакындан таанышып, анда жашаган кары адамдардын ден соолугун сурап, алардын жашаган жатаканалары жана тамактануучу жайларынын абалын көрүп чыгышты. Маалым болгондой, буга чейин айрым депутаттар тарабынан үй-интернатынын абалы канааттандырарлык эмес деген даттануулар айтылып жүргөн.
Айта кетсек, «Боорукердик» үй-интернатында бүгүнкү күндө 30 улгайган карыя жана 30 жаш балдар тарбияланат. Ага Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов баштаган бир катар депутаттар барышты.