КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда чек аралаш аймактарда саламаттыкты сактоо тармагын көтөрүү боюнча сүйлөшүү болуп, Самаркандек ооруканасына хирургия бөлүмүн ачуу боюнча маселе каралды. Азыркы тапта Динара Сагынбаева облустагы жаңы курулуп жаткан ооруканалардын абалы менен таанышып жатат.