Алыш күрөшү боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Кечээ, 13-майда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алыш күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Алыш күрөшүнүн эркин түрүндө уландар арасында 6 салмак категориясы боюнча чемпиондор аныкталса, кыз-келиндер 4 салмак ченинде күрөшүштү.   

Уландар арасындагы чемпиондор:

60 килограмм салмакта. Абдысатар уулу Мирланбек (Бишкек)

70 кг. Кочкоров Мырзабек (ИИМдин академиясы)   

80 кг. Карабаев Мирбек (Кызыл-Кыя)

90 кг. Кожобеков Нурбек (“Беш-Сары” клубу)

100 кг. Барпыбеков Канимет (КУУ)

100 килограммдан жогорку салмакта. Келсинбеков Кадыр (Аксы)

Кыз-келиндер арасындагы чемпиондор:

58 кг. Абдыкадырова Элиза (“Беш-Сары” клубу)

66 кг. Бактияр кызы Нурзат (ИИМдин академиясы)  

76 кг. Мусабаева Нурсулуу (Бишкек)  

76 килограммдан жогорку салмакта. Сарбашова Нагира (“Беш-Сары” клубу)

Алыш күрөшүнүн классикалык түрүндө уландар арасында 5 салмак категориясында кармаштар болуп, чемпиондор аныкталды.

60 кг. Мурзабеков Эрланбек (Ош)

70 кг. Бектемиров Медетбек (Ош)

80 кг. Маматзакиров Кайрат (Ош)

90 кг. Үркүнбаев Үмөтбек (“Динамо” клубу)  

90 килограммдан жогорку салмакта. Халматов Асылбек (Лейлек) 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Danel
2014-05-14 14:04:47
Нурбек Аканов эмне катышпапбы??? Урматту Админ ушул таймаштын видеосу барбы эгер болсо жуктоп койсонуздар жакшы болмок,чон рахмат.
0
admin_portal
2014-05-14 14:33:06
Danel, Саламатсызбы! Видеосу бизде жок эле, эгер таап калсак жүктөп койгонго аракет кылабыз.
0
Alisher96
2014-05-14 15:36:18
Саламатсыздарбы admin_portal анекдотторду кантип тапсам болот ушул сайттан алдын ала рахмат
0
admin_portal
2014-05-14 15:50:13
Alisher96, Саламатсызбы! Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=7961&st=0&p=978&hl=анекдот&fromsearch=1&#entry978
0
Alisher96
2014-05-14 17:27:10
admin_portal менин видеом дегенге видео жуктодум еле модерацияда деп туратко алдын ала рахмат
0
admin_portal
2014-05-14 17:36:04
Alisher96, Саламатсызбы!
Сиз жүктөгөн видео өчүрүлгөн. Себеби ал биздин порталга бул убакытка чейин башка колдонуучу тарабынан жүктөлгөн.
Дагы ушул сыяктуу суроолоруңуз же сунушуңуз болсо төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, калтырып жүрсөңүз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=2195&pid=1711161&st=5980&#entry1711161
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан