Бишкектеги кафелердин биринен тамактанган Түркиянын жараны ууланып каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 11-май күнү Түркиянын жараны өзүнүн бир тууганы менен Бишкектеги кафелердин биринде тамактанган. Кийин алар үйлөрүнө кеч барып, уктап калышкан. 12-май күнү түштөн кийин түрк жараны өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылган. Бирок дарыгерлер тарабынан көрүлгөн аракетке карабай ооруканада каза болуп калган. Алар тамактанган кафеден башка адамдар ууланбагандыгы белгилүү болду.
Иликтөө учурунда каза болгон түрк жаранынын ашказанынан белгисиз уулуу заттар табылды.
Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.