Кармашып урушуу спорту боюнча күч түзүмдөрүнүн ортосунда мелдеш өтөт

15-16-май күндөрү күч түзүмдөрүнүн ортосунда кармашып урушуу спорту боюнча мелдеш өтөт. Мелдеш КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда аталган штабдан кабарлашты.

Кармашып урушуу спорту менен алектенген спортчулардын чеберчиликтерин өркүндөтүү, спорттун бул түрүн жайылтууга багытталган мелдеште спортчулар жалпысынан 8 килограмм салмактык бөлүктө (56 килограмм, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 80 кг, 85 килограммдан жогорку салмак) күч сынашат.

Чемпиондук жарышка аскердик спорттук клуб, Куралдуу күчтөрдүн Аскер институту, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы, Улуттук гвардия, Экономикалык кылмыштар менен күрөш жүргүзүү мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өз командаларын жөнөтүшөт. Андан тышкары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын 52806, 52870, 02626-аскер бөлүктөрүнүн курама командалары да өз күчтөрүн сынашат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nooken.kg
2014-05-14 12:23:00
Кармашып урушуу дегенда спорт туру барбы? Мен чото тушунбодум?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан