Елена Исинбаева төрөттөн кийин чоң спортко кайтып келүү чечимин чыгарды

Шыргый менен секирүү боюнча “Афины-2004” жана “Бээжин-2008” Жайкы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынган орусиялык Елена Исинбаева төрөттөн кийин чоң спортко кайтып келүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Лондон-2012” Олимпиадасында коло медаль тагынган Елена июнь айында төрөйт. Спортчунун машыктыруучусу Евгений Трофимовдин айтымында, Е. Исинбаева төрөттөн соң спортко кайтуу тууралуу чечим чыгарган. “Чоң спортко кайта турган күндү машыгууну баштаган маалда жар салабыз” дейт машыктыруучу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан