Каржы министрлигинин 90 жылдык мааракесине арналган спартакиаданын футбол жана ок атуу боюнча мелдештери жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча мелдешке министрликтин борбордук аппаратынан эки команда, Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун командасы, Борбордук казыналык жана "Инфо-систем" мамлекеттик мекемесинин бирдиктүү командасы, жети облустан бирден команда жана Бишкек, Ош шаарларынан бирден командалар катышты.
Эки күндүк мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ош командасы, 2-орунду Чүй командасы, 3-орунду министрликтин борбордук аппаратынын жана Борбордук казыналык "Инфо-систем" мамлекеттик мекемесинин бирдиктүү командалары ээлешти.
Ошондой эле ок атуу боюнча мелдеш да жыйынтыкталды. Мелдешке жалпысынан 25 мырза жана 20 айым кызматкер катышты. Жыйынтыгында мырзалар арасында 1-орунду Экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы Кыял Мукашев, 2-орунду Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ильяз Узенов, 3-орунду Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун директорунун орун басары Дамир Наспеков ээледи. Айымдар арасындагы мелдеште 1-орунду Эльвира Акулуева, 2-орунду Мира Жусурова, 3-орунду Асел Исакова ээледи.