Аймактарда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ат чабыш боюнча тандап алуу турлары 24-майда старт алат

Алыс аралыкка ат чабуу боюнча (“Улуу Манас жолу” деген аталышта) өлкө ичинде тандап алуу турлары 24-майда Чүй облусунда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын Ат спорту боюнча федерациясынын вице-президенти Манас Султанов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 40, 60 жана 80 чакырым аралыкка ат чабуу боюнча өтөт. Ага 5 жаштан жогорку жаштагы аттар катышат. Тандап алуу турларынын жыйынтыгында жеңүүчүлөр сентябрь айында Ысык-Көл облусунда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алышат. Анда бул спорт түрү көрсөтмө өнөр катары коюлат. “Алыс аралыкка ат чабуу - дүйнөдөгү 7 классикалык ат спорт түрлөрүнүн бири”,- дейт ал.

Кошумчалай кетсек, 40, 60, 80 чакырым аралыкка ат чабуу боюнча тандап алуу турлары 7 облус боюнча түрдүү учурларда өтүп, 20-июлга чейин жүрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан