Бишкекте комплекстик жеңил атлетика эстафетасы өтөт

Бишкекте 17-май күнү А.Масалиев көчөсүнүн (Түштүк магистралдан Байтик баатыр көчөсүнөн Тынчтык проспектине чейинки бөлүгүндө) комплекстик жеңил атлетика боюнча эстафета өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Иш-чаранын негизги максаты - шаарда дене тарбия кыймылын активдештирүү, өспүрүмдөрдү жана балдарды спорт менен машыгууга үндөө, шаардыктардын активдүү эс алуусун уюштуруу. 

Аталган иш-чарага Октябрь районундагы мектептердин, гимназиялардын курама командалары, райондук администрациянын, райондук кызматтардын кызматкерлери катышат. Эстафетанын жеңүүчүлөрүнө дипломдор берилип, баалуу сыйлыктар тапшырылмакчы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан