Футбол боюнча Орусия Премьер-игасын москвалык ЦСКА футболдук клубу утуп алды. Бул тууралуу кечээ, 15-майда орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, биринчиликтин 15-майда орун алган 30-тур оюндарында ЦСКА дагы бир москвалык клуб “Локомотив” менен беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде утуп алды. Жеңиш алып келген жалгыз голду сербиялык жарым коргоочу Зоран Тошич киргизди. Сезондо 10-ирет катары менен жеңишке жетишкен клубдун топтогон упайларынын саны 64кө жетти.
Мелдеш жадыбалында 2-орунду 63 упай топтоо менен “Зенит” ээлесе, 59 упай топтогон “Локомотив” 3-орунду ээледи.
Ушуну менен ЦСКА Орусия Премьер-лигасында 5-ирет чемпион аталды (чемпион болгон жылдар: 2003, 2005, 2006, 2013, 2014)
Мелдештин башкы бомбардири дал ушул клубдун чабуулчусу Сейду Думбия болду. Анын эсебинде 18 гол бар.