Бүгүн, 16-майда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев менен бирге Алай районуна кызматтык иш сапары башталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министр Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Жылуу-Суу айылындагы Б.Аданбаева атындагы орто мектептин абалы менен таанышат. Аталган мектептин спортзалынын арткы тарабындагы сайдын нугун сел ташкыны жеп кеткендиктен, ӨКМнын «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чараларынын мерчемине киргизилген.
Ошондой эле Гүлчө айылындагы Гүлчө дарыясынан өтүүчү жана Жерге-Тал айылына, Кызыл-Суу дарыясынан Гүдүр участогуна өтүүчү жана Корул айыл аймагындагы Атаке участогундагы авариялык абалга келип калган көпүрөлөрдүн абалдары менен таанышуу аркылуу уланат.
Эске салсак, Корул айыл аймагындагы Атаке участогундагы көпүрө Корул дарыясы ташкындаган учурда жана сел агындары кошулганда суунун көлөмү чегинен ашып, жолду жеп кеткен. Натыйжада элдин каттоосу үзгүлтүккө учурап, окуучулар, эл сууну кечип өтүүгө аргасыз болуп келет.