Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы КРнын Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте семинар өткөрдү

Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы КРнын Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте апрель-май айларында семинарларды өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинарга башкармалыктын бекитилген жобосундагы иш милдеттерин аткаруу боюнча облустагы Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери катышты.

Семинардын негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, кабыл алуу, расмий жарыялоо, мамлекеттик реестрине жарыялоо тартиби жана жаңы кабыл алынып жаткан укуктук актылар боюнча кеңири түшүндүрмө берүү, ошондой эле укуктук маалыматты онлайн режиминде акысыз алууга мүмкүн экендиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берүү болуп саналат.

Аталган министрлик мындан ары да ушул сыяктуу иш-чараларды активдүү жүргүзүүнү пландаштырууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан