Бишкекте кечээ, 15-майда президент
Алмазбек Атамбаев "Республиканын
көп балалуу энелерин Баатыр эне ордени менен сыйлоо жөнүндө"
жарлыкка кол койду. Бул
тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык- саясат бөлүмү билдирди.
Жарлыкка ылайык, 7 жана андан көп баласы
бар, аларды жакшы тарбиялап жаткан 3343 энеге Баатыр эне ордени ыйгарылат.
Маалыматка ылайык, жарлык кол коюлган
күндөн баштап күчүнө кирет.