“Октябрь району боюнча 82 Баатыр эне катталган. Анын ичинен 62си Эне даңкы жана Баатыр эне төш белгилери менен сыйлангандар, 16сы көп балалуу энелер, 3өө үч эм төрөгөн эне, 1өө төрт эм төрөгөн эне”, - дейт Г.Ташбекова.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара бүгүн калаадагы ресторандардын биринде өтөт. Энелер үчүн атайын концерттик программа жана майрамдык түштөнүү уюштурулат. Ошондой эле райондун администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартов ар бир энеге 1000 сомдон акча жана чакан белек тапшырмакчы.