“Тазалык” муниципалдык ишкана жана райондук администрация өкүлдөрү биргеликте шаардын таштанды көп төгүлүүчү көйгөйлүү аймактарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолугушууларда аймактык тургундарга таштандылар белгиленбеген жерлерге ташталбоосу керектиги туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тургундарды унаа менен келип курулуш жана өндүрүш таштандыларды таштаган фактыларды ачыкка чыгарууга көмөктөшүүгө чакырды.
Катталган мыйзам бузуулар боюнча материалдар тиешелүү мекемелерге тапшырылып, алар административдик жоопкерчиликке тартылмакчы.
Аталган жолугушуулар 14-майдан тарта Биринчи Май районундагы №15-жергиликтүү аймактык башкармалыктын Л.Месарош, Профсоюз көчөлөрүндөгү жашоочулар менен болуп өттү.