Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункту кайрадан ишке кирди

Бүгүн, 16-майда кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрүү пункту ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Каркыра" өткөрүү пункту октябрь айынан баштап майга чейин жабылып турган. 

Учурда аталган өткөрүү пункту кайрадан ишке кирип, октябрь айына чейин саат 08:30дан саат 18:30га чейин иштемекчи. "Каркыра" өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан