2001-жылы 11-сентябрда Манхеттендеги ири соода борборундагы жардыруу баарыбыздын эле эсибизде болсо керек. 3000ге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен бул каргашалуу окуяга арналып атайын музей курула баштаган эле. 13 жылдык куруу иштери аяктап, 15-майда бул жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Ага АКШнын президенти
Барак Обама өзү катышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардырылган имараттын жер төлөсүндө жайгашкан музейге кырсыкка тиешелүү болгон, имараттан табылган 10 миңден ашуун экспонат коюлган. Учурда музейге каза болгон адамдардын жакындарына, Куткаруу кызматынын кызматкерлерине, элди эвакуациялоого жардам бергендерге жана бул кырсыктан аман калгандарга гана кирүүгө уруксат берилди. Ал эми 21-майдан тарта бардык каалоочулар музейге кирип, экспонаттар менен тааныша алышат.