Акысыз медициналык кароодон өткөн 3 миңден ашуун аялдын жарымы ар кандай оорулар менен ооруганы аныкталды

Энелер күнүнө карата өткөрүлүп жаткан “Эне саламаттыгы – өлкө бакубатчылыгы” акциясынын алкагында 12-майдан бери 3 миңден ашуун аял акысыз медициналык кароодон өтүп, анын жарымы ар кандай оорулар менен ооруганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментинин дарыгери Раиса Асылбашева билдирди.  

Маалыматка ылайык, текшерүүдөн өткөн аялдардын 600ү ультрадобуштук изилдөөдөн өтүп, кандын жана зааранын жалпы анализдерин тапшырышты.

“Аталган акция быйыл 3-ирет өткөрүлүп жатат. Акысыз кароо 12-майдан 30-майга чейин уланмакчы. Акысыз текшерүүдөн өспүрүм курактагы кыздардан тартып энелерге чейин өтүүдө”,- дейт Р.Асылбашева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан