Ош шаардык ИИБинин Жол кайгуул-күзөт кызматы кызматтык бош орунга сынак жарыялады. Бул туурасында ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул-күзөт бөлүмүнө тескөөчү талап кылынууда. Толук маалымат алуу үчүн (03222) 2-21-08 номерине байланышса болот.