Бүгүн, 16-майда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына карата жыйынтыктоочу машыгуу сборунун алкагында Кувейт менен жолдоштук оюн өткөрөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты. Беттеш Бишкек сааты боюнча 12:30да орун алат.
Эске салсак, курама команда дал ушул машыгуу сборунун алкагында 12-майда Ооганстан курамына каршы ойноп, 1:0 эсебинде утулуп калган.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын катышуусундагы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына 19-майда Мальдив аралдарында старт берилет. 8 команда катышып жаткан мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат.